ЖАҢЫБАЕВА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫБАЕВА Маруса (1934, азыркы Жалал- Абад облусу, Тогуз-Торо району, Каргалык кыштагы – 1978, ошол эле жер) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1960). Эмгек жолун 1950-жылы Нарын облусунун

Тогуз-Торо районундагы «Кызыл-Жылдыз» колхозунда баштап, кийин чабан, 1957- жылдан баш чабан болуп иштеген. Кой чарбасын өнүктүрүүдө мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, 1957-жылдан мамлекетке 500 ириктин ар бирин 70, 1959-жылы 72, 1960-жылы 75 кг салмакта өткөргөн, ар койдон 4 кгдан жүн кыркып алган. 1962–70-жылдарда СССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени м-н сыйланган.