ЖЕДИГЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕДИГЕР – кыргыздардын оң канат уруулук бирикмесиндеги тагай тукумуна караштуу уруу. Кыргыз санжыраларында жедигер Тагай бийдин Кой­лон деген баласынан тарап, 17-кылымдын жазмасы «Мажму ат-таварихте» да кыргыз уруусунун бири экени белгиленет. Жедигердин этногенези жөнүндө атайы изилдөөлөр кеңири деңгээлде жүрө элек. Айрым көз караштарда, башкача айтканда кыргыз тарыхчы­сы А. Мокеевдин эмгектеринде жедигер уруусунун түпкү теги орто кылымдардагы огуз урууларынын бири йадгарлар м-н байланыштырылат. Оку­муштуунун пикиринде этнонимдердин окшош­туктарынан (жедигер = йадгар) сырткары эл­дик фольклордогу «Койлондон кооз Жедигер» деген сөздөгү «кооз» деген түшүнүк орто кылымда «гуз» (огуз) терминен жаралып, кийин өз маа­нисин жоготуп (көөнө сөзгө айланып), кыргыз тилине ыңгайланып «кооз» болуп калгандыгы божомолдонгон. Жедигер уруусунун байыркы уруу­лардан экени «Манас» эпосунда да «Жети-Суу­ну жердеген жедигерлер» деп белгиленет. Ки­йинки учурларда жедигер уруусунун ички курамы­нын аталыштары унутула баштап, ар кайсы ай­мактарда ар түрдүү айтылып калган. Ошондук­тан, аларды талдоодо кыйынчылыктар кезигет. Жедигер уруусунун урук бутактары негизинен асан тукуму, үсөн тукуму, маңгытай, орус, долу, то­кобай ж. б. болуп таралып, алардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Кор­гон, Сузак райондорунда, Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата шаарларында ж-а айрым майда бөлүктөрү Нарын, Чүй облустарынын айыл-кыштактарында жашашат. Кант районуна караштуу бир айыл 1950- жылдарга чейин Жедигер аталган.

Р. Жолдошов.