ЖЕЗ КЕМПИР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕЗ КЕМПИР (ж е з т у м ш у к, ж е з т ы рм а к) – кыргыз элинин жөө жомокторундагы салттуу терс каарман. Жез кемпир кадимки адам түспөлүндө болуп, адамча сүйлөйт, өзү каалагандай кубулат, тумшугу, тырмактары курч (болоттон, жезден). Ал эл жүрбөгөн алыскы жайларда жашап, адамдардын канын соргондугу айтылат. Адамдар амалкөйлүк м-н жез кемпирди өлтүрүп, тумшугун, тырмактарын керектөө үчүн кесип алат. Мындай мүнөздөгү образдар дүйнөдөгү башка элдердин фольклорунда да кезигет.