ЖЕЙРЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЙРЕН (Gazella subgutturosa) – көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы сүт

эмүүчү. Дене уз. 94–115 см, бийикт. 60–75 см, салмагы 33 кгга жетет. Ж. – тулку бою келишкен сымбаттуу жаныбар. Эркегинин мүйүзү кара, шакек сы­мал кырчоолонуп өсөт, уз. 40 смге чейин. Ур­гаачысынын мүйүзү жок. Борб. Азиянын чөл ж-а жарым чөл­дөрүндө таралган. К ыр г-ндын т ү н­дүгүндө, Фергана өрөөнүнүн Лейлек, Кызыл-Өтөк, Ка­ра-Сай, Ак-Чечек ж. б. жерлеринде кездешет. Кургак, чөлдүү, таштуу та­лааларды, кокту­колотту, адырды м ек е нде й т. Жа­зында 1–2, чанда үч улак тууйт. Азыр бардык жерде саны азайып кеткен. 1948-жылдан бери коргоого алынып, Кырг-ндын Кызыл китебине киргизилген.