ЖЕКЕ МААЛЫМАТ БАШКАРГЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕКЕ МААЛЫМАТ БАШКАРГЫЧ – жеке маа­лыматтарды көзөмөлдөөчү түзүлмө. Анын жо­лугушуулар, аткарылуучу иштин тизмеси, теле­фон сүйлөшүүлөрү, болжолдуу багыт же келе­чектеги долбоорлор ж. б. түрү бар. Колдонуучу мурда жеке маалыматты көзөмөлдөөнү айрым жумушту көзөмөлдөгөн программаны бир па­кетке бириктирүү м-н уюштурган. Маалымат көп түрдүү болгондуктан, Ж. м. б. бардык аракеттер­ди аткартууга жөндөмсүз. Ошондуктан програм­малар төмөнкү элементтерди ж-а мүмкүнчүлүк­төрдү: жолугушуу мөөнөтүн, электрондук жа­зуу китепчесин, менеджерге берилиш м-н издөөнү гана сунуш кылат. Айрым жеке маалымат про­грамма пакеттери телефон номурун терүү ж-а электрондук почта сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт. Жолугушуу календары күн же уба­кыт ичиндеги аракеттерди чектөөгө, электрон­дук жазуу китепчелери түшүндүрмөлөрдү (ком­ментарийлерди) жазып турууга мүмкүндүк бе­рет. Көпчүлүгү эки иш чара бир учурга дал ке­лип калса, ал ж-дө эскертип турат. Ж. м. б. пакеттерине Microsoft Quit Look, Ecco Pro ж-а Lotus Organizer кирет.