ЖЕКЕЧЕ ЧЫГАРЫЛЫШ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕКЕЧЕ ЧЫГАРЫЛЫШ , а й р ы м ч ы г а р ыл ы ш – теңдеменин жалпы чыгарылышынан ага кирүүчү турактуу санга маани берүү м-н алынуучу чыгарылыш. Биринчи тартиптеги дифференциалдык теңдеменин y=ϕ(x, C) жалпы чыгарылышындагы С – турактуулугуна С=С0 маанисин бергенде алынган y=ϕ(x, C0) функциясы ошол теңдеменин Ж. ч-ы деп аталат. Турактуу сандын мындай мааниси теңдеме м-н бирге берилген кошумча шарттын негизинде табылат. Мис., у″+у=0 теңдемесинин у=С1cosx + C2sinx жалпы чыгарылышынан С1=2, С2=–1 болгондо, y=2cos – xsinx Ж. ч-ы алынат.