ЖЕЛ ЭНЕРГЕТИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЛ ЭНЕРГЕТИКАСЫ – шамал энергиясын мех., жылуулук же электр энергиясына айлан­дыруучу энергетика тармагы. Ж. э. – тех. кара­жаттарды долбоорлоонун теор. негиздерин ж-а практикалык ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн жел техникасы м-н шамал энергиясын туура пайда­лануунун теор. ж-а практикалык жактарын, шамал курулмаларын рационалдуу пайдалануу ж-а алардын тех.-экон. көрсөткүчтөрүн, о. эле эл чарбасында колдонуу тажрыйбаларын жал-

Жел кыймылдаткыч: 1–2 – өз огунда жантайма калактар; 3 – шамал багытына жараша айлануучу ротордук агрегат; 4 – калак айландыруучу таяныч валы; 5 – генератор; 6 – редуктор.

пылоо үчүн желди пайдалануу болуп бөлүнөт. Шамал энергиясы – Жер атм-сындагы аба кый­мылына айланган Күн энергиясынын бир бөлүгү. Күн нуру жер бетин ж-а абаны тегиз жылыт­пайт. Ысыган аба туш тарапка кеңейе баштайт. Жер бети ж-а аба тегиз жылыбагандыктан, аба­да басымдын айырмасы түзүлүп, абанын же шамалдын кыймылы пайда болот. Шамал аба­нын басымы көп жактан аз жакты көздөй жылат. Шамал басымынын айрымачылыгы канчалык чоң болсо, аба агымы ошончолук тез жылып, шамал катуу болот. Шамал энергия­сын а. ч-сында пайдалануу келечектүү.