ЖЕЛАРГЫ АКИТАШ КЕНИ
ЖЕЛАРГЫ АКИТАШ КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда, Кемин темир жол бекетинен 20 км түш.-чыгыш тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 2300–2400 м бийикте жайгашкан. 1932-жылы табылып, 1947-жылы геологиялык чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын карбондун акиташ теги, сланец ж-а аларды жиреп чыккан гранит интрузиясы түзөт. Пайдалуу катмар кеңдик багытта созулуп жаткан антиклиналдык бүктөлүштүн сол канатындагы акиташ тектеринен турат. Кара күрөң түстө, калыңдыгы 105 мге чейин. Химиялык курамы боюнча эки түргө бөлүнөт: биринчиси кальций кычкылына бай, кошундусуз таза; дубалдарды актоочу акиташ алууга жарамдуу. Экинчиси – арасында чопо кездешкен акиташ теги; андан дубал бетин кооздоп каптоочу такта, цемент сырьёсун алууга болот. Запасы В категориясы боюнча 806 миң т.