ЖЕЛБИРӨӨЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЛБИРӨӨЧ – кыз-келиндердин моюнга арта салып, төшкө түшүп турган көркөм зер буюму.
Өтө мыкты шөкөттөлгөн Ж-түн сөйкөнүкүндөй илмегинде эки канаты болот да, бетине асыл

таштар чөгөрүлүп, эки учунда күмүш зымдар м-н чын­жыр л анган же торчолонгон бир нече сеңселме тал­тал чачысы төгү­лүп турат. Ага жу­муруланган сүйрү жука темир или­нип, сырты күмүш зымдар м-н жик­сиз торчолоно кы­напталат. Андан да кайрадан жо­горудагыдай кү­мүш зымдар чын­жырлана чыгып, араларына шуру тизилип, тө­мөнкү учтарына сүйрү жука күмүш кулакчын­дар түшүп, түйүлүп турат. Анын эки канатынын ортосунда да төрт бурчтуу, үч бурчтуу же жүрөк­чө түспөлдөгү зер жасалгасы эки канаттын чын­жырланган күмүш зымдары аркылуу биригет.