ЖЕЛДИК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕЛДИК , к а п т ы р г а – ээр токумдун бир бөлүгү. Ал тердиктин үстүнө коюлуп, ээрдин эки капталына кынала өлчөнүп, бир нече катталып, катуу шырылган кийизден жасалып, ээрди бекем отургузуу ж-а катуу таманына жумшак төшөлгө катары колдонулат. Анын сыртына көбүнчө булгаары капталат. Ж. бири-бирине эки кайыш м-н коштолуп, ээрден башка болот.