ЖЕЛЕ
ЖЕЛЕ – 1) кулун тизип, байлоого ылайыкталган ыкма. Ал кыл аралаштырылган жүндөн жоон эшилип, үч-төрт катталып чыйратылат. Уз. 15–20 м келет. Ж-нин эки учу эки казыкка байланат. Ар кайсы жерине аралыгын бир м жыгач (арча, четин, кайың) тээктүү чыкта бекитилет. Бир Ж-ге 15–20 кулун байланат; 2) туу куйруктан жасалган бир нече кылтакты өтө жүйүр бекитип, бышык жиптен же кылдан чыйратылып жасалган илбээсин кармаш үчүн аңчылык куралы. Муну к ы л т а к Ж. же т у з а к Ж. деп да аташат. Ж. 5–6 же 10–15 көздүү (кылтактуу) жасалат. Ал көбүнчө кекилик, чил, каракур, бактек ж-а жапайы көгүчкөн, айрым учурда улар, жапайы каз, өрдөктөргө урунт жерге тартылган; 3) катуу жыгач, сөөк, темир ж-а болоттон жасалган бөрү тил кайырмак байланган балык кармоочу курал. Анын

боосу да кылдан кабатталып жасалган. Кайырмак жок кезде Ж-ни суу түбүнө тартып балык кармашкан. Балык кармоого анча оңтойлуу болбогондуктан, Ж. кылдарынын учуна түрдүү кайырмактар байлана баштаган. Муну да Ж. деп аташкан. Анда 20дан 50гө чейин кайырмак болот. Ж-ни ышкыбоз балыкчылар гана эмес, балык өндүрүшүндө да балыктын айрым түрүн тандап кармоо үчүн колдонот.