ЖЕМСӨӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕМСӨӨ – бир катар омурткасыз жаныбар­лардын (моллюскалар, курттар, курт-кумурска­лар) ж-а канаттуулардын кызыл өңгөчүнүн ке­ңейген бөлүгү. Азыкты чогултуу, сактоо, ал эми кээде азыкты алдын ала хим. иштетүү кызма­тын аткарат. Аарынын Ж-сүндө нектар кайта­дан иштетилип, балга айланат. Куштарда Ж-нүн мезгил-мезгили м-н жыйрылышы карынга азык­ты жылдырат, сиңбей калган калдыгын сыртка кулгуп чыгарып, балапандарын азыктандырат. Көгүчкөн жумуртка баскандан 8-күндөн баштап Ж-нүн эпителий клеткалары майга ажырап, бөлүнөт да, Ж-дөн бөлүнгөн зат (агыш суюктук) м-н балапанын багат. Чөлдө жашаган кара боор балапандарына Ж-сү м-н суу ташып барат.