ЖЕНЕВА КӨЛҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕНЕ́ВА КӨЛҮ , Л е м а н (кельт тилинде gеnа – чат, дарыя чаты) Швейцария м-н Франциянын аймагында, Батыш Альп ж-а Юра тоолорунун аралыгындагы өрөөндө деңиз деңгээлинен 372 м бийикте жайгашкан. Аянты 582 км2, узундугу 72 км, тереңдиги 310 мге чейин. Жээгинин көп бөлүгү бийик, тик. Женева көлү аркылуу Рона дарыясы агып өтөт. Кеме жүрөт. Жээгинде Женева, Лозанна шаарлары (Швейцария) орун алган. Климаттык ж-а бальнеологиялык курорттору: Веве, Монтрё (Швейцария), Эвьян-ле-Бен (Франция) ж. б., туризм өнүккөн.