ЖЕР-КАЗАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР-КАЗАР – Чүй обл-нун Ысык-Ата р-нунда­гы кыштак. Узун-Кыр айыл округуна караш­туу. Деңиз деңг. 670 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору ж-а т. ж. бекети Кант ш-нан 18 км түн.-батыш тарапта. Кыштак 1923-ж. оту­рукташкан. Калкы 1519 (2007); негизинен дый­канчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китеп­кана, клуб, стадион, турмуш-тиричилик ком­бинатынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры К. Айдарбеков туулган.