ЖЕР АСТЫНДАГЫ СУУЛАР
ЖЕР АСТЫНДАГЫ СУУЛАР – жер кыртышынын үстүнкү бөлүгүндө жаткан тоо тек катмарларындагы суюк, муз ж-а буу түрүндөгү суу. Жер бетиндеги суулардан айырмасы – алар жер бетинен төмөн жайгашып, тоо тектердеги жаракаларды, көңдөйлөрдү толтуруп турат. Суу жер астындагы катмарларга жер бетиндеги суулардан, атм. жаан-чачындан же тереңдиктеги магма бууларынан келет. Мында суу гравитациялык же эркин суу (оордук күчүнүн таасири м-н агуучу), капиллярдык суу (молекулалык тартылуу күчүнөн кыртыштагы кесек бөлүкчөлөрдүн арасындагы майда капиллярлар аркылуу көтөрүлүүчү), байланышкан суу (минералдардын кристаллдык торчолорундагы) ж. б. түрдө болот. Алардын негизгиси – эркин (гравитациялык) суу – жер кыртышында катуу (муз), газ (буу) ж-а суюк түрүндө кезигет. Ж. а. с. пайда болушуна карай 5 түргө бөлүнөт: и н-
ф и л ь т р а ц и я л ы к (вадоз) суулар чөкмө, магма ж-а метаморфизмделген тектердеги майда көзөнөкчөлөр, жаракалар, көңдөйчөлөр, ар түрдүү боштуктар аркылуу атм. жаан-чачын м-н жер бетиндеги суулардын сарыгып өтүшүнөн пайда болот; к о н д е н с а ц и я л ы к суулар – тоотектердеги боштуктарга чогулган абадагы буунун муздашынан (конденсацияланышынан) келип чыгат; с е д и м е н т а ц и я л ы к суулар деңиз чөкмөлөрүнө суу сиңип, кийин ныкталганда сыгылып чыгып, бир жерге топтолушунан пайда болот. Алар негизинен гидрогеол. структуранын борборунда ж-а өтө тереңдикте жайгашат; о р г а н и к а л ы к суулар – ылайчополуу чөкмөлөрдө сакталып калган орг. заттардан пайда болот; т е р е ң д и к т е н орун алган (ювениль) суулар – магмадан бөлүнүп
чыккан суу бууларынын муздашынан чогулат. Тоо тектериндеги суу чогулган боштуктардын
өзгөчөлүгүнө карай Ж. а. с. көзөнөктүү, катмарлуу, жаракалуу ж-а карст суулары болуп бөлүнөт. Суу топтолгон тоотек катмарлары суулуу горизонт деп аталат. Жер кыртышындагы эң үстүнкү горизонттогу сууну кыртыш (грунт) суулары дейбиз. Ал бир нече смден ондогон м тереңдикте кездешип, үстүнкү бети бош, кысымсыз абалда болот. Кыртыш сууларынан төмөн артезиан суулары жатат. Анын асты ж-а үстү суу өткөрбөөчү катмарлар м-н чектелет. Ж. а. с. – курамында түрдүү минералдар, орг. заттар ж-а газдар бар табигый эриндилер. Суудагы эриген заттардын өлчөмүнө карата Ж. а. с. тузсуз (туздуулугу 1 г/лге чейин), чала туздуу (1–10 г/л), туздуу (10–50 г/л), шорлуу (50 г/лден көп); газдардын курамы б-ча көмүр кычкылдуу, күкүрттүү суутектүү, азоттуу, радондуу, метандуу ж. б. сууларга бөлүнөт. Курамында түрдүү туздар же газдар, орг. компоненттер, кээде газ м-н радондун эманациясы болуп калса, анда дарылоочу касиетке ээ. Ж. а. с. минералдуу суулар деп да аталат. Ж. а. с-дын физ. касиети алардын хим. курамына байланыштуу. Суунун темп-расы б-ча муздак (20°ка чейин), арашан суулары (20°тан жогору) болуп бөлүнөт. Ж. а. с-ды гидрогеология илими изилдейт. Ж. а. с. эзелтен бери калкты таза суу м-н камсыз кылууда, сугат ишинде, жайыттарды суу м-н камсыз кылууда кеңири колдонулат. Азыркы кезде алардын мааниси күндөн күнгө артууда. Жер астынан чыккан минералдуу суулар ичүүгө ж-а ар кандай дарттан дарыланууга керектелет. Кийинки кезде арашан суулардан жылуулук кубаты алына баштады (к. Арашан суулары). Кырг-ндын аймагында Ж. а. с-дын бардык түрү кездешет. Респ-када 80ден ашык минералдуу булактар бар. Айрымдарынын базасында курорттор (Жалал-Абад, Жети-Өгүз, Ысык-Ата ж. б.) иштейт.
Ад.: Овчинников А. М. Подземные воды. М., 1960; Минеральные воды. М., 1963; Личков Б. Л. Природные воды земли и литосферы. М., 1963; Ланге О. К. Гидрогеология. М., 1969.