ЖЕР БУУРЧАК
ЖЕР БУУРЧАК (Vicia) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы уруусу.

Бир, эки ж-а көп жылдык өсүмдүк. Жер жүзүндө 150дөй (КМШ өлкөлөрүндө 80дей) түрү бар. Эгилме 10 түрү белгилүү. Жаздык ж-а күздүк Ж. б. кеңири таралган. Ж. б. – белоктуу, жакшы сиңимдүү т ою т . Жаздык Ж. б. (V. Savita L.) КМШ өлкөлөрүнүн токой-талаалуу Европа бөлүгүндө, Сибирь ж-а Кавказда эгилет. Сабагы ичке, бутактуу, түз өсөт, бийикт. 40– 110 см. Гүлү өзү м-н өзү чаңдашат. Мөмөсү 6–10 уруктуу, ромб форма-
сындагы чанак (уз. 5–7 см). Эгилме Ж. б-тын жашыл массасында 5,1% (кургагында 18,1%) протеин, фосфор, кальций, каротин, клетчатка бар. Гектарынан 20 цге чейин дан, 200–250 ц (аба ырайы жакшы жылы 400 цден ашык) жашыл масса алынат. Борб. Азияда отоо чөп катары да белгилүү. Түшүм жыйналган мезгилде уругу түшүп, күздүк эгин аянттарын булгайт. Жапайы Ж. б. шалбаа, суу жээги, токой, бадал арасы ж. б. жерлерде өсөт, баалуу тоют.