ЖЕР ЖАЗДЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР ЖАЗДЫКТАР , ж а з д ы к с ы м а л ө с ү м д ү к т ө р – жерге жабышып өскөн кыска сабактуу, майда жалбырактуу көп жыл­дык өсүмдүктөр. Алар, демейде, дайыма жашыл, өтө бутактанат, өркүндөрү өтө тыгыз жайгашат (негизги сөңгөгү жок). Өркүндөрү узунунан өспөй, каптал бүчүрлөрү көбөйүп, сыртынан кыркып койгондой болуп, жаздыкка окшош. Аларда көмөкчү тамырлар өтө көп пайда бо­лот. Жер жаздыктардын бийиктиги бир нече смден (уюл кызгалдагы ж. б.) 1 мге жетет. Бийик тоолордо, тундрада, суук чөлдөрдө, башкача айтканда жайы өтө сал­кын, кышы суук жерлерде калыптанат. Өсүм­дүктүн мындай формаларынын пайда болушу айлана-чөйрөнүн өтө суук экендигин билди­рет. Мисалы, Памирде, Теңир-Тоодогу деңиз деңгээлинен 4000 м бийиктикте өскөн кекек, каз таман – жер жаздык өсүмдүктөрдүн тиричилик форма­ларынын бир көрүнүшү.