ЖЕР ЗАРЯДЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕР ЗАРЯДЫ – Жер шарындагы ж-а аны курчап турган атм-дагы электр заряддары. Электр талаасындагы күч сызыктардын тик ылдый таралышынан Жер терс, ал эми жогору карай заряддын азайышынан атм-ранын төмөнкү катмары оң заряддуу деп аныкталган. Алар бири бирин теңдеп тургандыктан, Жер шарынын жалпы заряд белгиси – бейтараптуу. Ж. з-нын орт. тыгыздыгы 3,45·10–4 CGSE, ошондуктан анын терс заряд өлчөмү 17·1014 CGSE.