ЖЕР ИШТЕРИ
ЖЕР ИШТЕРИ – жер казуу, тегиздөө, тыгыздоо, казылган топуракты жүктөө же көтөрүп, жылдырып керектүү орунга коюу. Ж. и-нин максаты – жер кыртышынан инж. курулуш (плотина, темир ж-а автомобиль жолдору, канал, траншея ж. у. с.) куруу, имарат ж-а курулуштун негизин түптөө, курулуучу имараттардын ордун тегиздөө, о. эле пайдалуу кен чыгуучу жайлардын үстүнкү бетин ачуу. Ачык ыкма м-н кен казып алууга байланышкан Ж. и. тоо жумушуна кирет. Ж. и. ачык (жер үстүндө), жер асты ж-а суу асты болуп бөлүнөт. Ж. и-н аткаруу курулуш машиналары (экскаватор, бульдозер, казып-шилегич машина, грейдер, трактор,
дүмүр казгыч, бадал кырккыч, ылай соргуч ж. у. с.), о. эле гидромеханикалаштыруу каражаттары ж-а жардыруу ыкмасы м-н ишке ашырылат. Ж. и-нен мурда даярдоо иштери – курулуш аянтындагы майда дарактарды кыркуу, таштан арылтуу, дүмүр казуу, жол салуу, жер астындагы суунун деңгээлин азайтуу ж. у. с. жумуштар жүргүзүлөт.