ЖЕР КЫРГЫЧ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕР КЫРГЫЧ – 1) жер кыртышын катмарлап кесип, тынымсыз иштөөчү жер казуучу машина. Анын тракторго чиркелүүчү ж-а өзү жүрүүчү түрлөрү болот. Ж. к. канал курууда, жер тегиздөөдө, жолго кыр чыгарууда, жолду кардан тазалоодо колдонулат; 2) чуңкур жайлардан кыртыш кырып алуучу курулуш экскаваторунун жумушчу бөлүгүнүн бир түрү. 3) пайдалуу кенди жер алдынан казып алуучу кыргыч курулманын бөлүгү; 4) жалпак түптүү, парус-калактуу, тик борту бар эски жыгач кеме. Уз. 20– 45 м, эни 4–9 м. ХI–ХIХ к-да Россияда негизинен жүк ташуу үчүн пайдаланылган.