ЖЕР КӨЧКҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР КӨЧКҮ – оордук күчүнүн ж-а суунун таа­сиринен борпоң тоо тек массаларынын каптал ылдый жылмышуусу. Тоо капталдарында тең салмактуулуктун бузулуусу, ойду карай жан-

Жер көчкүдөн кийинки көрүнүш.

тайыңкы жаткан капталдар, борпоң тектердин сууга каныгышы, ал тектердин астында суу өткөрбөй турган кабаттын болушу, жер астын­дагы суунун топтолушу, жер титирөө Ж. к-нүн жүрүшүнө шарт түзөт. Ж. к-гө дуушарланган тоо тек массасынын көлөмү ондогон м3ден 1 млрд м3ге чейин жетет. Ж. к. чарбалык иштерге чоң зыян келтирет. 1911-жылкы Ж. к-дөн Памирде Сарез көлү пайда болгон. Кырг-нда Ж. к. Ферга­на тоо тизмегинин түш.-батыш капталында бор, палеоген-неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилдеринин мергель, чопо ж-а лёсс сымал тоо тектеринен түзүлгөн жерлерде көбүрөөк. С. Ахмедов.