ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ – Атлантика океанын­дагы ички деңиз. Евразия м-н Африканын ара­лыгында жайгашкан. Атлантика океаны м-н Гибралтар кысыгы аркылуу туташат. Испания, Франция, Италия, Монако, Мальта, Сербия ж-а Черногория, Словения, Босния ж-а Герце­говина, Хорватия, Албания, Грекия, Түркия, Кипр Республикасы, Сирия, Ливан, Палестина, Израиль, Египет, Ливия, Тунис, Алжир, Марок­конун жээктерин чулгап жатат. Кара деңизге Мрамор деңизи, Дарданелл, Босфор кысыкта­ры, Кызыл деңизге Суэц каналы аркылуу тута­шат. Аянты 2,5 млн км2. Суусунун көлөмү 3839


Липари аралдар тобундагы Вулькано аралы.

миң км3. Орт. тереңдиги 1541 м, эң терең жери 5121м.Тоолуужээктеринегизиненабразиялык, түзөңдөлгөн; жапыз жээктери – лагуна-лиман ж-а дельта, Адриа деңизинин чыгыш жээкте­ри – дальмация тибинде. Ири жарым аралдар ж-а аралдар м-н бөлүнгөн деңиздери: Альборан, Балеар, Лигурия, Тиррен, Адрия, Иония, Эгей, Кипр. Ж. о. д-дин алабына, о. эле Мрамор, Кара ж-а Азов деңиздери кирет. Ири булуңдары: Ва­ленсия, Лион, Генуя, Таранто, Сидра (Чоң Сирт), Габес (Кичи Сирт). Ири аралдары: Балеар, Кор­сика, Сардиния, Сицилия, Крит, Кипр. Деңизге Эбро, Рона, По, Нил сыяктуу ири дарыялар куят. Ж. о. д-дин таманынын рельефи татаал, анткени ал альп геосинклиналдык тутумунда жайгашкан. Анда тереңдиги 2000–4000 м бол­гон бир нече чуңкурдукка бөлүнөт; материктик капталдары салыштырмалуу тик. Чуңкурдук­тарды жээктей кууш шельф тилкеси созулуп жатат. Шельф Тунис м-н Сицилиянын аралы­гында, о. эле Адриа деңизинде гана кеңийт. Ж. о. д-ге кышы нымдуу, жумшак, жайы кур­гакчыл, ысык субтропиктик жер ортолук деңиз тибиндеги климат мүнөздүү. Азор антицикло­нунун таасиринен түн.-батыш шамалы үстөмдүк кылат. Кышында циклондук процесстердин та­асиринен шамал өтө катуу согот. Айрым жери­не төмөнкү жерг. шамалдар мүнөздүү: этезия – түндүктөн соккон туруктуу шамал (деңиздин чы­гыш бөлүгүндө); мистраль – түндүктөн соккон муздак катуу шамал (Лион булуңунда); бора – түн.-чыгыштан өтө катуу соккон муздак шамал; сирокко – түштүктөн соккон жылуу шамал (де­ңиздин түш. бөлүгүнө, Эгей ж-а Адриа деңизде­ринин жээктерине мүнөздүү). Абанын январда­гы орт. темп-расы деңиздин түш. жээктеринде 14–16°Сден түндүгүндө 7–10°Сге чейин, август­та – түндүгүндө 22–24°С, түштүгүндө 25–30°С. Де­ңиз бетинин буулануусу 1250 мм (3130 км3). Аба­нын нымдуулугу жайында 50–65%тен кышын­да 65–80%ке чейин өзгөрөт. Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү 400 ммдей (1000 км3дей); ал түн.-батышында 1100–1300 ммден түш.-чыгы­шында 50–100 ммге чейин; минимуму июль­августта, максимуму – декабрда байкалат. За­кымдын болушу да мүмкүн, айрыкча Мессина кысыгында көбүрөөк байкалат (фата-моргана де­ген ат м-н). Гидрол. режиминин калыптануусун­да климаттык фактордун ж-а Атлантика океа­ны чектеш деңиздер м-н суу алмашуусунун маа­ниси зор. Суу алмашуу маалында Ж. о. д-ге сырттан кирген суу деңиздин үстүңкү, ал эми сыртка чыккан суу астынкы катмары м-н агып

өтөт. Суусунун кирүү өлчөмү басымдуу бөлүгүндө 0,1–0,5 мди, ал эми Тунистин чыгыш жээкте­ринде 1,7 мди түзөт. Деңгээлинин тартылуу-таш­кындоодон өзгөрүүсү зор өлчөмгө жетет (Корси­канын жээктеринде 3,5 м). Кысыктарда өтө ка­туу ташкын-тартылуу агымдары пайда болот. Деңиздин үстүңкү катмарындагы туруктуу үс­түңкү агымдар жээктей агып, циклондук туюк айлампаны пайда кылат. Ж. о. д-дин айрым бөлүктөрүндө (батыш четинде, Тиррен, Адрия, Эгей деңиздеринде) өз алдынча циклондук ай­лампалар пайда болот. Бийикт. 7–8 мге жет­кен катуу толкундар кышында байкалат. Суу­сунун тунуктугу Сириянын жээктеринде 60 мге жетет. Деңиздин ачык мейкиндигинде суунун өңү өтө көгүлтүр. Үстүңкү катмардагы суунун темп-расы деңиздин чыгыш бөлүгүндө февралда 17°С, августта 27–30°С. Түндүктү ж-а чыгышты карай суунун темп-расы Адрия деңизинде фев­ралда 7°Сге, августта Лион булуңунда 20°Сге чейин т өмөндөйт. Ту здуулугу бат ышында 36‰ден, чыгышында 39,5‰ге чейин. Суунун тыгыздыгы 1025тен (Гибралтар кысыгында) 1029га чейин (Эгей деңизинин түш.-чыгыш бөлүгүндө). Тереңдиктеги суунун темп-расы 12,9–13,8°С, туздуулугу 38,37–38,66‰. Балык (сардина, тунец, скумбрия ж. б.) кармалат. Шельфинде (Адрия деңизинин түн. бөлүгү, Эгей деңизи) нефть ж-а газ казып алынат. Ж. о. д. аркылуу Европаны Африка, Түш. ж-а Чыгыш Азия өлкөлөрү, Австралия, КМШ өлкөлөрүнүн порттору м-н байланыштыруучу маанилүү де­ңиз жолу өтөт. Ири порттору: Барселона (Испа­ния), Марсель (Франция), Генуя, Неаполь, Венеция, Триест (Италия), Риека (Хорватия), Пирей ж-а Салоники (Грекия), Бейрут (Ливан), Александрия, Потр-Саид (Египет), Триполи (Ли­вия), Алжир (Алжир). Франция м-н Италияда­гы Көгүлтүр жээктеги (Ривьера), Испаниядагы, Монакодогу, Балеар а-ндагы, Балкан ж. а-нда­гы өлкөлөрдүн Динара тайпак тоосу жак жээ­гиндеги ж. б. курорттору белгилүү.


Ад.: Грацианский А. Н. Природа Средиземноморья. М., 1971; Циргоффер А. Атлантичекий океан и его моря / Пер. с польск. М., 1975; Богданов Д. В. Регио­нальная физическая география Мирового океана. Л., 1985; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океанов. М., 2004. Ө. Бараталиев.