ЖЕР РЕСУРСТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР РЕСУРСТАРЫ – чарбада туруктуу пайда­ланылган же пайдаланууга жарактуу, табигый­ тарыхый түптөлүшү боюнча өзгөчөлөнгөн жерлер; кийинки аныктамасы: эл чарба тармактарын­да пайдаланылуудагы же пайдаланууга боло турган жерлер. Жер ресурстарынын төмөнкү түрлөрү бар: айдоо аянттары; айыл чарбага жарактуу жерлердин бүт ресурстары (айдоо, жайыт, чабынды ж. б.); аймактык ресурстар.