ЖЕР ТӨЛӨ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕР ТӨЛӨ – казылып салынган жер там. Тереңдиги киши бою, төрт бурч же тегерек кылып казып, кырына эки катар чым тизип, жоон устун коюп, анын эки тарабына туурасынан шырык салып, үстүнө чырпык, куурай таштап, топурак м-н бастырылат. Үйгө жарык кирүү ж-а коломтодо жагылган оттун түтүнү чыгуу үчүн төбөсүнөн тешик жасашкан. Оозун боз үйдүн эшиги м-н жаап же жөн эле кийиз м-н далдалап коюшкан. Ж. т-дө кыш чилдеде гана жа-
шашкан. Учурда Ж. т. кеңири өркүндөтүлүп, анда азык-түлүк ж. б. сакталат.