ЖЕР УЮЛДАРЫНЫН КЫЙМЫЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР УЮЛДАРЫНЫН КЫЙМЫЛЫ – Жер бети боюнча географиялык уюлдардын жылышы. Ал кыймыл Жердин түзүлүшүнүн ар түрдүүлүгүнө, ошондой эле ме­теорологиялык кубулуштардын (атмосфералык массалардын, океан суусунун, литосферанын серпилгичтик ж-а илээшкектик касиеттеринин таасиринин ж. б.) мезгилдүүлүгүнөн пайда болгон Жердин айлануу огунун абалынын өзгөрүүсүнө байла­ныштуу. Жер уюлдарынын кыймылын Жердин айлануусунун касие­ти катары божомолдоону алгач 1687-жылы И. Нью­тон белгилеген. Бул кубулуштун математикалык теория­сын Л. Эйлер (1790) өнүктүрүп, жүз жылдан кийин жер бетиндеги пункттардын (орундардын) чыныгы өзгөрүшү, Жер уюлдарынын кыймылын үйрөнүү мүмкүндүгү далилденген. Жер уюлдарынын кыймылын билүүнүн астрономия­да, геодезияда мааниси чоң, анткени жер бетин­деги чекиттин координаталары ж-а жердеги нер­селердин азимуттары үзгүлтүксүз өзгөрүп турат. Булар астрономиялык ж-а геодезиялык өлчөөлөрдүн натыйжасы­на таасирин тийгизет.