ЖЕРГЕ-ТАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРГЕ-ТАЛ – Тажикстандагы кыргыздар жа­шаган Жерге-Тал р-нунун адм. борбору, кыш­так. Кара-Тегин өрөөнүндө жайгашкан. Тажик­стандын борбору Дүйшөмбү ш-нан 284 км чы­гыш, Ош ш-нан 350 км түш.-батыш тарапта.
Негизинен кыргыздар, о. эле орустар да жашайт. Кыштакта кесипчилик окуу жайы, 2 орто мек­теп, 2 китепкана, оорукана, мад-т үйү бар. Тур­муш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.