ЖЕРГЕ-ТАЛ 2

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРГЕ-ТАЛ – Нарын р-нундагы суу, Нарын д-нын сол куймасы. Уз. 59 км, алабынын аян­ты 372 км2. Байдулу тоосунун түш. капталы­нан башталып, кууш, карагайлуу терең капчы­гай м-н агып, төмөнкү агымында өрөөнү кеңийт. Ири куймалары: Күчүк, Сары-Жел, Темир-Саз ж. б. Жылдык орт. чыгымы 0,98 м3/сек; эң көбү 65,4 м3/сек, эң азы 0,16 м3/сек. Апрелдин аягын­да кире баштап, сентябрдын башында тарты­лат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Жерге- Тал кыш. жайгашкан.