ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЛИМАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЛИ́МАТ , м е з о к л и м а т – бир же бир нече метеостанция тарабынан илик­тенген, табигый шарттары бир түрдүү болгон чакан аймактын климаты (мис., токой масси­ви, деңиз жээги, анча чоң эмес шаар климаты ж. б.). Таралуусу б-ча Ж. к. макроклимат м-н микроклиматтын ортосунда өтмө абалда. Ж. к-тын өзгөчөлүктөрү ошол аймактагы жер бе­тинин түзүлүшүнө (анын топографиясына, то­пурак, өсүмдүктөрүнүн мүнөзүнө, шаар курулуш иштерине ж. б.) байланыштуу. Мындай өзгө­чөлүктөр айрыкча атм-нын төмөнкү катмарла­рында (бир нече жүз м бийиктикке чейин) бай­калат. Ж. к-тын кубулуштарына көптөгөн жерг. шамалдар да кирет; мис., Ысык-Көлдөгү Улан, Сан-Таш шамалдары.