ЖЕРГИЛИКТҮҮ ШАМАЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ШАМАЛ – чектелүү бир аймакка мүнөздүү шамал; ал аймактын геогр. өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болуп, тез-тез кай-
таланып, өзгөчө мүнөздөгү аба ырайын пайда кылат. Ж. ш. атм-нын жерг. циркуляциясынан (фён, тоо-өрөөн шамалы, кууш капчыгайлардан соккон шамал, мис., Боом капчыгайындагы Улан шамалы, Жоңгор дарбазасындагы ибэ шамалы) же атм-нын жалпы циркуляциясынын өзгөрүүсүнөн (мис., бриз, сирокко, афган, хамсин, бора, мистраль, чинук, баргуза ж. б.) пайда болушу мүмкүн.