ЖЕРДЕ-СУУДА ЖАШООЧУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРДЕ-СУУДА ЖАШООЧУЛАР , а м ф и б и я ­л а р (Аmphibiа) – жер бетинде жашоочу омурт­калуу жаныбарлар классы. Булар – адегенде сууда жашап, кийин сууда да, кургакта да жа­шай баштаган алгачкы омурткалуу жаныбар­лар. Балыктар сыяктуу урук таштайт, мета­морфоз жолу м-н өөрчүйт. Дене температурасы ту­руксуз, чөйрөгө жараша өзгөрүп турат. Азыркы амфибиялардын 3 түркүмгө (бутсуз, куйруктуу ж-а куйруксуз жерде сууда жашоочулар.) бириккен 25–30дай ту­куму, 4000дөн ашык түрү белгилүү. КМШ өлкө­лөрүндө 13 тукумдун 34 түрү, Кыргызстанда 4 түрү кезигет. Бутсуздарынын денеси сүйрү, куйругу ж-а буту жок. Куйруктуулардын куйругу жак­шы өрчүгөн, буту ичке, кыска.

Жерде-сууда жашоочу­лар: 1 – муунак сөөлжан сымак; 2 – Кавказ са­ламандрасы; 3 – тем­гилдүү саламандра; 4 – Кичи Азия тритону; 5 – кызыл боор бака; 6 – Кавказ бакасы; 7 – да­ракчы бака; 8 – төтөчү кур бака; 9 – кадимки кур бака; 10 – саз бака­сы; 11 – темгилдүү бака; 12 – кадимки даракчыл бака; 13 – көлчүк бака­сы.

Жумшак, ным­дуу териси алардын дем алуусу ж-а газ алмашуу­су үчүн чоң маанигэ ээ. Омурткалары 9–200гө чейин же андан көп. Куйруксуз жерде сууда жашоочулардын көпчүлүгүнүн кабыргасы толугу м-н жоюлуп кеткен, буту жуп, беш манжа сымал. Жамбаш сөөгү чычаң омурткасы м-н биригип өскөн. Ал­дыңкы мээси начар өөрчүгөн. Жетилген Жерде-сууда жашоочулардын бары жаныбарлар м-н азыктанат. Же­тилгендеринин өпкөсү, хоанасы ж-а кекиртек кемирчеги болот. Личинкаларынын кан айла­нуусу балыктыкындай, жүрөгү метаморфоз ку­булушунан кийин 3 камералуу түзүлүштө. Эр­кегинин жуп аталык, ургаачысынын жуп эне­лик бези бар. Көпчүлүгү урук (28000ге чейин) таштайт. Бир азы гана тирүү тууйт. Айрым фор­маларында жыныс диморфизми даана байкалат. Көбү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерин жок кылат, ошондой эле өздөрү башка айбанаттарга азык болот. Бир катар өлкөлөрдө тамак катары пай­даланылат. Жерде-сууда жашоочулардын 3 түрү – классикалык лабораториялык жаныбарлар. Кээ бир түрүнүн саны аза­йып, коргоого алынган. Алардын 41 түрү ж-а түрчөсү ТКЭСтин, 2 түрү Кыргызстандын Кызыл ки­тебине катталган.