ЖЕРДИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРДИК – буюмдун түпкү негизи, материалы, негизги үлгүсү, түсү. Элдик көркөм кол өнөрчү­лүктө кеңири колдонулат. Мисалы, оймочулук­та – кийиз; саймачылыкта – баркыт; үй жыгач­тарында – тал, терек; ат жабдыктарында – ка­йыш; зергерчиликте – күмүш, жез; чырмакчы­лыкта – чий, жүн; өрмөкчүлүктө, токуучулук­та – жип; бычмачылыкта – кездеме; эшмечилик­те – жүн, кыл; көн буюмдарында – тери ж. б.