ЖЕРДИН ЖАСАЛМА ЖАНДООЧУЛАРЫ
ЖЕРДИН ЖАСАЛМА ЖАНДООЧУЛАРЫ –Жер орбитасына чыгарылган космосто учуучу аппараттар (космос кемеси, экипажы бар орбиталык станция ж-а автоматтык жандоочу). Автоматтык жандоочу (адам иштебей турган) башка жандоочулардан констр-сы боюнча айырмаланат. Жердин жасалма жандоочулары орбитага биринчи космос ылдамдыгынан кем эмес ылдамдыкта көп баскычтуу ракеталардын жардамы м-н чыгарылат. Жердин жасалма жандоочудары өз максаты, аткара турган милдети, орбитасы, бортундагы жабдуулардын тиби боюнча ар кандай түргө бөлүнөт. Илим-изилдөө жүргүзүүчү жандоочулары Жер ж-а анын тегерегиндеги мейкиндик жөнүндө маалымат алуу ж-а астрономия, биология, медицина ж. б. боюнча изилдөө жүргүзөт. Орбитасы тегерек, эллипстик, экватордук, уюлдук ж-а туруктуу жандоочулар бар. Туруктуу жандоочу жер бетинен 35 860 км алыстыкта бир чекитте «асылып турат», алар байланыш үчүн өтө ыңгайлуу. Жандоочулардын өлчөмү, массасы ар түрдүү. Биринчи жандоочунун диаметри 0,58 м, массасы 83,6 кг болгон. Эң кичине жандоочунун массасы 700 г, ал эми «Протон-4» деген жандоочунуку – 17 т. Алгачкы Жжердин жасалма жандоочуларыны бири 1957-ж. 4-октябрда учурулган. Колдонмо жандоочу эл чарбасына керектүү маалымат жыйнайт ж-а ракета-космостук техниканы сынайт. Байланыш жандоочу – телекөрсөтүү программасын берет, радио, телефон, телеграф байланышын камсыз кылат. Мисалы, «Молния» жандоочусу КМШ өлкөлөрүнүн борбордук телекөрсөтүү




программасын жеткирет. М е т е о р о л о г и я л ы к ж а н д о о ч у – Жердеги станцияга Жердин булут, кар, муз катмары, жер бетинин ж-а атмосферанын температурасы жөнүндөгү маалыматты берип турат. «Космос» сериясындагы жандоочулардан, «Тирос», «Эсса», «Тимбус» метеорологиялык жандоочуларынан алынган маалымат аба ырайын алдын ала тактайт, жакындап келаткан бороон-чапкын жөнүндө эскертет. Н а в и г а ц и я л ы к ж а н д о о ч у – деңиз кемесинин Дүйнөлүк океандагы абалын аныктайт. Жердин жаратылыш байлыгын иликтей турган жандоочу да бар. Ал айыл чарба өсүмдүгүнүн түшүмүн алдын ала айтат, пайдалуу кен чыга турган жерди, зыянкечи көп токойду аныктап, жаратылыш чөйрөсүнүн булганышын көзөмөлдөйт.