ЖЕРДИН МАГНИТ УЮЛДАРЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕРДИН МАГНИ́Т УЮЛДАРЫ , г е о м а г н и т т и к у ю л д а р – магниттик багыт сызыктарынын жер бетинде кошулган чекиттери. Жер шары магниттелген дипол сферасы болгондуктан, диполдун магниттик огу м-н 11,5°ка жакын бурчту түзөт. Ж. м. у. геогр. уюлдарга жакын тереңдикте жайга-
шат, бирок алар м-н кошулбайт. Ж. м. у. түн. ж-а түш. магниттик уюлдар деп аталып, жердеги магнит талаасынын кылымдык өзгөрүшүнө байланыштуу убакыт өткөн сайын орун которот. Уюлдардын орду Жердин магнит потенциалын эсептөө м-н аныкталат. Алардын координаталары (1975): Түн. жарым шарда түн. кеңдик б-ча 75°53, батыш уз. б-ча 100°231; Түш. жарым шарда түш. кеңдик б-ча 66°061, чыгыш уз. б-ча 139°361.