ЖЕТИ-ШААР
ЖЕТИ-ШААР – 1864–77-ж. Чыгыш Түркстандагы мусулман мамлекети. 1864-ж. 7-июнга караган түнү Куча ш-нда кытай эзүүсүнө каршы дунган, уйгурлардын (к. Дунган көтөрүлүшү, Дунган хандыгы) кезектеги көтөрүлүшү башталып, аны Чыгыш Түркстандын башка шаарлары да колдоп чыгышкан. Негизги ролду ислам дини ойноп, кучалык көтөрүлүшчүлөр «Канкожо» («Хан-кожо») деген ат м-н кара тоолук сопулардын (к. Исхакийа тарикаты) өкүлү Ра-
шид-ад-динди хан жарыялашкан, бирок Кашкар, Жаркен (Жаркент), Котон (Хотан) ш-нын көтөрүлүшчүлөрү аны хан деп таануудан баш тартышкан. Натыйжада, Канкожо өзүнүн туусу алдында жыйылган бир нече жүз колду иниси Искак кожого башкартып, чыгышка аттандырган. Искактын колу адегенде императордун 300 араба ок-дары, 470 замбиреги м-н 24000 аскерин, кийин 10 000 аскерден турган экинчи колун талкалап, Кара-Шаар, Турпанды, 1866-ж. 5-майда Комулду (Хами), ал эми батышка аттандырган колу Бай, Жам, Ак-Суу, Үч-Турпанды алган. Көп өтпөй Үч-Турпанда буларга каршы жерг. бийлер Мухаммед казы, Молдо Эмин шайык ж. б. башчылык кылган көтөрүлүш башталып, аларга кыргыздар да кошулган. Бирок көтөрүлүшчүлөр тез эле жеңилип, аман калгандардын көбү Иле тарапка ж-а Кашкардын бийи Сыдыкбектин алдына качышкан. Чыгыш Түркстандагы Сыдыкбек башкарган Кашкар ж-а Убайдулланын кол алдындагы Котон ш-нан башкасы Канкожонун колуна өткөн соң, Сыдыкбек Кокон хандыгында Цин өкмөтүнөн жашырынып жүргөн актоолук (к. «Ышкиййа тарикаты») Жааңгер кожонун тукуму Бузурук кожону Кашкарга чакыр ып, бийли гин өткөрүп берген (1864). Бузурук кожо Йакуб бекти баатыр башы кызматына дайындаган. 1867-ж. июлда Жаркен ж-а Кучанын алдындагы салгылашууда кара тоолук сопулар жеңилүүгө дуушар болгон. Көп узабай Йакуб бек бийликти тартып алып, согушсуз Котон ш-н ээлеп, Убайдулланы өлүм жазасына буюруп, Бузурук кожону күчкө салып Мекеге зыяратка жөнөткөн. Натыйжада Чыгыш Түркстанда Йакуб бек башында турган Кашкар, Жаркен, Котон, Куча, Ак-Суу, Кара-Шаар, Турпанды кучагына алган Ж.-Ш. мамлекети түзүлгөн. 1877-ж. Цин империясынын аскери Чыгыш Түркстанга кириши м-н Ж.-Ш. өз жашоосун токтоткон.
Ад.: Куропаткин А. Кашгария. СПб., 1879; Тихонов Д. И. Восстание 1864 г. в Восточном Туркестане. М., 1948; Исиев Д. А. Уйгурское государство Йеттишар. М., 1981; Кузнецов В. С. Империя Цин и мусульманский мир. Новосибирск, 1990; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993. Э. Турганбаев.