ЖЕТИ-ӨГҮЗ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-ӨГҮЗ – Жети-Өгүз р-нундагы суу, Тес­кей Ала-Тоонун түн. капталынан (батышында Чоң Кызыл-Суу ж-а чыгышында Ырдык м-н Каракол сууларынын аралыгында) башталып, карагайлуу кууш капчыгай, Жети-Өгүз кыш. тушта кенен өрөөн м-н агып, Ысык-Көлгө куят (дээрлик кар-мөңгү сууларынан куралат). Уз. 52 км, алабынын аянты 387 км2. Апрелде кире баштап, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чы­гымы 5,60 м3/сек, эң көбү 57,2 м3/сек, эң азы 0,55 м3/сек. Жалпы уз. 110 кмге жеткен 36 куймасы ж-а алабында жалпы аянты 126 км2 келген 18 майда көл бар. Сугатка пайдаланы­лат. Алабындагы радондуу суу булактары элге


кеңири белгилүү (к. Жети-Өгүз минералдуу суусу). Боюнда Жети-Өгүз кыш. ж-а курорту бар.