ЖЕТИ-ӨГҮЗ КУРОРТУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-ӨГҮЗ КУРОРТУ – климаттык-бальнеол. курорт. Каракол ш-нан 28 км түш.-батыш ж-а Ысык-Көлдөн 30 км түш. тарапта, Тескей Ала- Тоонун түн. капталындагы Жети-Өгүз капчы­гайынын карагай токойлуу кооз жеринде, де­ңиз деңг. 2200–2400 м бийикте жайгашкан.

Жайы мелүүн, июль айынын орт. темп-расы 15°С, кышы да мелүүн, кар көп түшөт, январь айынын орт. темп-расы –9°С. Жылдын орт. жаан-чачыны 500 мм чамасында, чөйрөнүн орт. нымдуулугу 65%. Мындагы минералдуу ысык (41°С) булактардын дарылык касиеттери жерг. элге байыртан белгилүү болгон (к. Жети-Өгүз минералдуу суусу). 1857-ж. П. П. Семёнов-Тян- Шанский булактарды сыпаттап жазган. 1910-ж. атайы үй курулуп, жыгач ванналар пайдала­нылган. 1931-жылдан курорт куруу колго алы­нып, 1940-ж. эки имараты пайдаланылууга бе­рилген. Дарылоо радондуу, хлорид натрий-каль­цийлүү ж-а азоттуу ысык булак сууларынын ванна ж-а бассейндерине түшүрүү, о. эле тоо климатынын таасирин тийгизүү м-н жүргүзүлөт. Ванна, душ, денени чайкоо ж-а ичүү аркылуу муун, ичеги-карын, боор, нерв ж-а дем алуу сис­темаларынын, гинекол. ж-а кээ бир тери оору­ларын дарылайт.