ЖЕТИГЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИГЕН – Жалал-Абад обл-нун Токтогул р-нундагы кыштак. Үч-Терек айыл округуна ка­раштуу. Тартуулук суусунун боюнда, деңиз деңг. 1880 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 75 км түш.-чыгыш та­рапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 170 км. Кал­кы 2847 (2007); негизинен дыйканчылык ж-а мал чарбасы м-н алектенет. Орто ж-а баштал­гыч мектеп, амбулатория, китепкана, клуб, поч­та бөлүмдөрү бар. Тегирмендер (үчөө суу, үчөө электр м-н) иштейт.