ЖЕТИМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИМ – ата-энесинин бири же экөө тең каза болгон бала. Атасы да, энеси да каза болгонду тоголок жетим дейт. Энесиз калган баланын аба­лы абдан оор болору элде «Энелүү жетим эрке жетим, аталуу жетим арсыз жетим» деген менен билдирилген. Ата-энесинин бирөө же экөө тең ар кандай себептер менен бир жакка кетип, ка­роосуз калган баланы тирүүлөй жетим дешкен.