ЖЕФФЕРСОН
ЖЕ́ФФЕРСОН Томас (13. 4. 1743, Виржиния, Шадуэлл – 4. 7. 1826, Виржиния, Монтиселло) –

амер. коомдук ж-а мамл. ишмер. «Көз карандысыздык де к лар аци я с ынын» (1776) автору, Американын 3-президенти (1800–09). Негизги кесиби – адвокат. 1769–74-ж. Виржинияда мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты. 1775-ж. Түн. Американын Улуу Британия ээлиги болуудан баш тартуу чечимин кабыл алган 2-континенттик конгресске мүчө болуп шайланган. 1779–81-ж. Виржиния губернатору. 1785–89-ж. АКШнын Франциядагы элчиси, 1790–93-ж. Ж. Вашингтондун 1-өкмөтүндө мамл. катчы, 1796-ж. вицепрезидент. «Көз карандысыздык декларациясын» 17 күндүн ичинде жазып бүтүргөн. Анда адам укугу мамлекет белгилеген мыйзамдан жогору турарын бекемдеген, Ж. башка мамл. ишмерлер м-н бирдикте АКШнын Конституциясын жазууга катышып, ага «Укуктар тууралуу билль» дегенди киргизген. Ж. президент кезинде Луизиана штаты АКШга кошулган. Президенттиктен бошогондо, Ж. Виржинияга ун-т курдурган ж-а өмүрүнүн акырына чейин ал ун-тти башкарган.