ЖЕХАЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕХАЙ (Жэхай, кытайча жэ – ысык, хай – деңиз) – тарыхый топоним, Кырг-ндагы Ысык- Көлдүн кытайча аталышы. 8-к-дагы кытай маалыматында мындай жазылган: «Жери суук, бирок деңиз тоңбойт, ошондуктан аны Ысык деңиз деп аташат». Байыркы ж-а о. кылымдарда Ысык-Көлдү кытай ад-тында Тяньчи, Цинчжи, Йе-хэ, Суй-йе-шуй, Яньхай, Жехай ж. б., 18– 20-к-да Тузкуль, Жэхай, Тэмурту-Нор деп келишкен. Ысык-Көлдөн башка дагы бир нече көлдү Ж. деп аташат, к. Ысык-Көл.
Ад.: Григорьев А. А. Закономерности строения и развития географической среды. М., 1966; Исаев Д. Жер-суу аттарынын сыры. Ф., 1977; Кыргыз жергеси. Ф., 1990.