ЖЕҢЕ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕҢЕ – 1) кыргыздын туугандык расымында өзүнөн улуу тууганынын аялын кичүүлөрү ызааттап аташы. Агасынын аялын ини-карындаштары, келиндери Ж. деп айтышат. Ж-нин
үй-бүлө ичиндеги абалы өзгөчө болгон. Үй-тиричилигиндеги иштерди негизинен Ж. бүткөргөн. Кайынсиңди, кайнилер өздөрүнүн ички сырларын алгач Ж-сине билдирип, акылдашкан, о. эле кыз берүү каадасын толугу м-н аткарган.
2) Уруктун бардык кичүүлөрү агаларынын аялдарын Ж. деп аташат. Таякесинин аялын таажеңе дешет. 3) Жалпы эле өзүнөн улуу кишинин аялына кайрылуу. А. Көчкүнов.