ЖЕҢИЛ АВТОМОБИЛЬ
ЖЕҢИЛ АВТОМОБИ́ЛЬ – экиден сегизге чейин жүргүнчү ж-а жүк ташуучу автомобиль. СССРде жеңил автомобиль алгачкы жолу Москвада «Спартак» заводунда 1927-жылы чыгарылган. Учурда Кыргызстанда пайдаланылып жаткан жеңил автомобилдер Москва, Нижний- Новгород, Ульяновск, Тольятти шаарларында жасалып келүүдө. Ошондой эле алыскы чет мамлекеттерде (Япония, Германия, Америка, Англия, Франция) чыгарылган жеңил автомобилдер кеңири пайдаланылууда. Ал кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү боюнча төмөнкүдөй литраждуу болуп айрымаланышат: өтө кичине (1,2 лге чейин), кичине (1,2ден

1,8 лге чейин), орто (1,8ден 3,5 лге чейин), чоң (3,5 лден жогору). жеңил автомобилдин ар бир классы – салмагы, өлчөмү орточо пайдалануу көрсөткүчтөрү м-н мүнөздөлөт. жеңил автомобилдин кузову ар түрдүү болот: седан – кузову (чанагы) жабык, 4 эшиктүү, отургучу 2 же 3 катар жайгашат; лимузин – седанга окшош, бирок, ичинде тосмо орнотулган; купе – 2 эшиктүү, кузову жабык; кабриолет – седанга окшош, айырмасы – капкагы ачылат; фаэтон – 2 же 4 эшиктүү, үстү ачылат; универсал – кузову жабык, арт жагында кошумча эшиги болот. Өлкөбүздө негизинен «Волга», «Жигули», «Москвич» (Россия); «Мерседес», «Ауди», «БМВ» (Германия); «Тойота», «Ниссан», «Мицубиси» (Япония) ж. б. маркадагы жеңил автомобилдер колдонулууда – жеңил автомобиль 300 км/с, ал эми атайын жарышуу үчүн арналганы 1000 км/стан ашык ылдамдыкта жүрө алат.