ЖЕҢИШ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕҢИШ , Ч ы ч к а н – Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нундагы кыштак. Жаргылчак айыл округуна караштуу. Чычкан суусунун ж-а Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1647 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кышнан 24 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 161 км. Калкы 2263 (2007); негизинен мал м-н алектенип, токой чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры К. Намазбеков туулган.