ЖЕҢКЕТАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕҢКЕТАЙ – үйлөнүү тоюндагы жөрөлгө. Бо­лочок күйөө ж-а күйөө жолдош кыздын айылы­на келгенде, кыздын жеңелери алгач ирет эки жашты тааныштырып, алардын ортосундагы алгачкы мамиленин түзүлүшүнө өбөлгө болот. Калың төлөнгөндөн кийин, кызды алып кетүүчү күн келгенде, кыздын жеңеси күйөө жолдош­тон Ж. доолаган. Күйөө тарап Ж-лыкка жак­шы белек, мал берген. Себеби күйөө м-н кыз­дын ортосундагы мамилерде кыздын жеңеси абдан чоң ролду ойногон. Алардын жолугушуу­ларын уюштурган, оюн-тамашаларды өткөрүп, жигитти сынаган. Кыздын аруулугуна, ар-на­мысына жеңеси жооптуу болгон. Бардык тос­коолдуктар, суроо-талаптар жеңеси аркылуу че­чилген. Жеңенин кыз узатуу жөрөлгөсүндөгү милдеттери кээ бир учурда чечүүчү мааниге ээ болгон. А. Көчкүнов.