ЖИВОПИСЬ, СКУЛЬПТУРА ЖАНА АРХИТЕКТУРА ИНСТИТУТУ
ЖИВОПИСЬ, СКУЛЬПТУРА ЖАНА АРХИТЕКТУРА ИНСТИТУТУ И. Е. Репин атн. – Россиянын Санкт-Петербургдагы туңгуч жогорку көркөм сүрөт окуу жайы. Петербург Сүрөт академиясынын окуу жайы катары 1757-ж. негизделген. Көркөм чыг-лыктын жалпы улуттук борбору болуп калган. Бул жерде реалисттик чеберчилик принциптерине негизделген улуттук пед. система калыптана баштаган. Сүрөт класстары Жогорку сүрөт окуу жайына биригип, чыглык шыктануунун ар кандай этаптарын, динамикалык өнүгүүнү ж-а кризистик жагдайларды башынан өткөргөн. 1918-ж. Жогорку сүрөт окуу жайынын ордуна Петроград мамл. эркин сүрөтокуу өнөрканалары уюштурулган. Өнөрканаларды Вхутеинге кайра уюштурууда арх-ра ф-ти м-н живопись ф-тинин станоктук живопись бөлүмү жоюлуп кеткен. Академиянын көрүнүктүү окутуучулары жумуштан четтетилген. 1931-ж. Сүрөт академиясынын салттык курамы кайра калыбына келтирилген. Анын курамында Ж., с. ж. а. и. түзүлгөн. Көркөм сүрөт б-ча билим берүүнүн негизин сүрөт ж-а композиция мыйзамдары тү-
зүп, кайрадан башында көрүнүктүү сүрөт чеберлери И. И. Бродский, Б. В. Иогансон, А. Т. Матвеев, А. А. Осмеркин, М. Г. Манизер, П. А. Шиллинговский, Л. В. Руднев, С. С. Серафимов, Р. Р. Френс, В. В. Лишев, В. Б. Пенчюк, И. Я. Билибин турган жеке өнөрканалар иштей баштаган. 1973-ж. көркөм иск-во тарыхы ж-а теориясы ф-ти ачылган. 1944-ж. ин-тка И. Е. Репиндин аты ыйгарылган. 1942–44-ж. ин-т адегенде Самаркандда, андан соң Москванын алдында эвакуацияда болгон. Ин-тта көрүнүктүү сүрөт чеберлери А. А. Мыльников, М. К. Аникушин, П. Т. Фомин, Ю. М. Непринцев, Б. А. Пленкин ж. б. сабак беришкен. Ин-т мурунку союздук респ-ларга улуттук кадрларды даярдоого көмөк көрсөтөт ж-а андан башка мамлекеттерден келген студенттер да билим алышат. Кырг-ндык көп чеберлер да ушул ин-ттан окуган: живописчилер – А. Осмонов, А. Усубалиев, С. Чокморов, К. Керимбеков, Ж. Кожахметов, Н. Конгурбаев; графиктер – А. С. Осташев, М. Өмүркулов; иск-во изилдөөчү Б. Будайчиев, скульптор Д. Жолчуев ж. б.