ЖИЖКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИ́ЖКА Ян (1360-жылдар ченде – 11. 10. 1424) – чех элинин улуттук баатыры. 1410-жылдагы Грюн­вальд салгылашына катышкан ж-а табор түзүл­гөндөн кийин Жижка төрт гетмандын бири болгон. Прага үчүн болгон салгылашта жеңишке жетүүдө зор роль ойногон (1420-жылы 14-июль). Виткова тоосундагы коргонууну билгичтик м-н башкар­ган (1950-жыл, бул жерде Жижканын эстелиги коюл­ган). 1420-жылы декабрдан Жижка таборчулардын 1- гетманы. Гусчулар (1422) оң ж-а сол тарапка бөлүнгөндөн кийин Жижка таборчулардын сол та­рабын башкарган. 1423-жылы Жижка түндүк-чыгыш Че­хияда борбору Градец-Кралове болгон солчул гус­чулардын «Оребит боордоштугу» деген уюмун түзгөн. Жижка өлгөндөн кийин бул уюмдун мүчөлөрү өзүлөрүн «жетимдер» деп аташкан. Жижка сапаты ж-а темирдей тартиби жагынан айырмаланган аскер уюштурган. Аскер жол-жобосун иштеп чыккан, жөө ж-а атчан аскердин түрлөрү м-н катар замбирекчи аскерлерди түзгөн. Жижканын стратегиясы талаа салгылашында душманга чеч­киндүү сокку урууга багытталган. Бул рыцар­дык аскерди жеңүүгө шарт түзгөн.

Ад.: Ревзин Г. И. Ян Жижка, М., 1952; Рубцов Б. Т. Подвиги табористов. М., 1961; Лаптева Л. П. Гу­ситское движение в Чехии ХV в. М., 1990.