ЖИЙДЕЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИЙДЕЛЕР (Elaeagnасеае) – эки үлүштүү өсүм­дүктөр тукуму. Бадалдар, көбүнчө тикенектүү, анча чоң эмес дарактар. Кабыгы боз, жалбыра­гы жөнөкөй, бүтүн, кезектешкен же түгөйлүү канаттай. Жаш өркүнү, жалбырагы, гүлү түк­чөлөр м-н капталган. Гүлү 1 же 2 жыныстуу,желекчесиз, актиноморфтуу. Жийделер шамал же чы­мын-чиркей аркылуу чаңдашат. Мөмөсү – ши-

релүү же кургак сөөкчө. Тамыры азот топтоочу бак­териялуу түймөк­төрдү пайда кы­лат. Европа, Түндүк Америка, Азияда 3 уруусунун 50дөй түрү өсөт. Мөмөсү желет, дары-дар­мек жасоодо кол­донулат, кооздук үчүн өстүрүлөт . Дарагынын сөңгөгү баалуу, кабыгынан, жалбы­рагынан өңдөгүч заттар, гүлдөрүнөн бал алы­нат. Орто Азияда, Кавказда ж-а Кыргызстанда кууш жалбырактуу ж-а чыгыш жийделери таралган.