ЖИЙДЕЛИ-САЙ АКИТАШ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖИЙДЕЛИ-САЙ АКИТАШ КЕНИ Баткен облусунун Кадамжай районунда, Кадамжай шаарчасынан 1,7 км түштүктө, Жийдели-Сай суусунун оң капталында, деңиз деңгээлинен 1160–1245 м бийикте жайгашкан. 1987-жылы геологиялык чалгындоо иши жүргүзүлгөн. Акиташ теги таш көмүр мезгилинде пайда болгон. Химиялык курамы боюнча акиташтан I ж-а II сорттогу курулуш акисин алууга болот. Кен казып алынууда. Бекитилген запасы А+В+С1 категориясы б-ча 940 миң т.