ЖИЙДЕЛИ-САЙ ЧОПОЛУУ БҮЛӨӨ ТАШ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИЙДЕЛИ-САЙ ЧОПОЛУУ БҮЛӨӨ ТАШ КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Ка­дамжай ш-часынан 2 км түш.-чыгыш тарапта, деңиз деңг. 1100–1370 м бийикте жайгашкан. 1969–70-ж. Түш. Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагында силурдун кум-чо­полуу тектери, кварцит ж-а девондогу чополуу сланецтер (бүлөө таштар) жатат. Пайдалуу кат­мар девондун чополуу сланецтеринин арасын­да бир өңчөй, каралжын боз сланецтерден ту­рат. Курамында серицит м-н хлорит 60–70%, талаа шпаты 20–25%, кварц 5%. Көөп чыгуу коэфф. 3–7, орт. тыгыздыгы 0,470–0,730 г/см. Сланецтен «Б» классындагы 500, 600 ж-а 700 маркасындагы керамзиттик шагыл алууга бо­лот. 1997-ж. 1-январына карата баланстагы запасы: В – 2328 миң м3, С – 5379 миң м3, С – 1 5067 миң м3. Кен казып алынууда.