ЖИЙДЕЛИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИЙДЕЛИК – Ош обл-нун Кара-Суу р-нундагы кыштак. Нариман айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 950 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Кара-Суу ш-нан 18 км түш. тарап­та. Кара-Суу т. ж. бекетинен 3 км. Кыштак 1940-ж. негизделген. Калкы 4399 (2007); неги­зинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана клуб, мончо, ФАП бар.